Борбордо экинчи Экобатл өттү

Гареев атындагы Ботаникалык бакчада «Экобатл» экинчи экологиялык акциясы өттү.

Иш-чарага 15 команда катышты, ар бир командага таштанды чогултканга 700 чарчы метр жер бөлүндү.

Акциянын жүрүшүндө ар бир топ орточо эсеп менен жыйырмадан кем эмес таштанды чогултуп, натыйжада 400 капка жакын таштанды жыйналды.

Белгилей кетсек, жаштардын коопсуздугун камсыздоо максатында акциянын башынан аягына чейин милиция кызматкерлери жана дарыгерлер тартылган.

“Экобатл” экинчи экологиялык акцияга  Гареев атындагы Ботаникалык бактын кызматкерлери  жана «Тазалык» муниципалдык ишканасы жардам беришти.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти, Эл аралык инновациялык технологиялар университети жана Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаменти уюштурууда.

Экинчи жыл сайын өтүүчү “ЭКО Кубогу” 2024-жылдын 26-апрелинен 19-майына чейин өтөт.

“ЭКО Кубогу-2024” ишинин негизги багыты:
- ыңгайлуу экологиялык чөйрө;
- шаардын экологиясын жакшыртуу боюнча чечимдерди аныктоо.

Буга чейин “ЭКО Кубоктун” алкагында интеллектуалдык оюн өтүп, анда бардык команда мүчөлөрү экология боюнча жеке интернет-тестирлөө форматында сынактан өтүшкөн.

14.05.2024