Бала бакчадагы көп тилдүүлүк

Свердлов районундагы №162 мектепке чейинки билим берүү уюмунда  «Көп тилдүү  билим берүү программасынын негизинде  мектепке чейинки курактагы балдар менен иштөөнү уюштуруу боюнча ресурстук борбору ачылды.

Бишкек  шаарынын мэриясынын Билим  берүү департаментинин  директору  Рахат Мусаева, Бишкек  шаарынын мэриясынын Свердлов районунун Билим берүү башкармалыгынын начальниги Нурлан Байгулов катышты.

Бул ресурстук борбор  педагогдордун кесиптик өсүшүн, компетенттүүлүгүн, мектепке чейинки курактагы балдарга көп тилдүү билим берүү маселелери боюнча билимин жана жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатуу максатында ачылды.   

04.03.2024