Дени сак балдар - биздин келечегибиз

Ленин районундагы №2, 57-мектептерде балдарын кызамыкка каршы эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Жыйынга Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, Ленин жана Биринчи май райондук Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунун , ошондой эле мечиттин өкүлдөрү чакырылган.

Жолугушууда медицина кызматкерлери ата-энелерди кызамык оорусунун статистикасы менен тааныштырып, балдарды милдеттүү эмдөө боюнча маалымат беришти.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына ылайык кызамыкка, паротитке жана кызамыкка каршы эмдөө пландуу түрдө эки жолу жүргүзүлөт:
- 1 жашында биринчи эмдөө;
- 6 жашында экинчи эмдөө.

Урматтуу шаардыктар, өзүңүзгө жана балдарыңызга кам көрүңүз!

04.03.2024