Борбор калаада бала бакчалардын музыкалык жетекчилери үчүн семинар болуп өттү

Бишкек шаарындагы Октябрь районундагы №127 балдарды өнүктүрүү борборунда «Музыкалык фольклордун негизинде мектепке
чейинки балдардын чыгармачылык активдүүлүгүн өнүктүрүү» деген темада музыкалык жетекчилердин семинары болуп өттү.

Окуу иш-чарасына борбор калаадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 55 музыкалык жетекчилери катышты. Уюштуруучу Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти.

Белгилей кетсек, семинардын максаты музыка кызматкерлерине усулдук жардам жана колдоо көрсөтүү, мектепке чейинки курактагы балдардын музыкалык фольклордун негизинде музыкалык аспаптарда жана элдик оюндарда чыгармачылык активдүүлүгүн өнүктүрүү болуп саналат.

29.02.2024