Борбор калаанын мектептеринде 17, 19, 20-февралда кыскартылган сабактар болот

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти мэр Айбек Джунушалиевдин кеңешмесинин жыйынтыгында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидрометтин такталган маалыматын эске алуу менен кыска мөөнөттүү сабактарды өткөрүү боюнча буйрук чыгарды.

2024-жылдын 17, 19, 20-февралында биринчи нөөмөт саат 9:00дө башталат, ал эми экинчи нөөмөт саат 16:00дө бүтүшү керек, сабак 30 мүнөткө созулат.

Белгилей кетсек, бала бакчалар кадимки режимде иштеп жатат. Бирок, эгерде ата-энелер кааласа балдарын чоңдордун көзөмөлүндө үйдө калтыра алышат.

Мындан тышкары, жеке менчик билим берүү уюмдарына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидрометтин аба ырайы тууралуу маалыматын эске алуу менен окуу процессин уюштуруу сунушталат.

Бардык кошумча суроолор боюнча: 0709 240 284 номуруна кайрылсаңыздар болот.

Бишкек шаарынын мэриясы бул жагдайга окуу процессинин бардык катышуучуларын түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

16.02.2024