Борбор калаада STEAM-билим берүү боюнча мастер-класс

2024-жылдын 15-февралында борбор калаанын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан №22 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде бала бакчалардын жана мектептердин жетекчилери үчүн STEAM-билим берүү боюнча мастер-класс уюштурулду.

Бул иш-чарага Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, райондук билим берүү борборунун башчысы Таалайгуль Темирканова, бала бакчалардын, мектептердин жетекчилери катышты.

Белгилей кетсек, бул мастер-класстын максаты башталгыч класстарга STEAM-билимин киргизүү, илимий, техникалык, инженердик жана математикалык системаларды интеграциялоо аркылуу балдардын сабак өтүүсү үчүн мыкты шарттарды уюштуруу болуп саналат.

Белгилей кетсек, билим берүү уюмдарынын арасында талдоо жүргүзүлүп, анда балдар (бала бакчадан мектепке) өтүүчү бала бакчалар жана мектептер тандалган.

 

15.02.2024