Келечек муун менен жолугушуу

Бишкек шаарындагы  У.Абдукаимов атындагы №8 орто мектептин окуучулары медицина илимдеринин доктору, профессор Сабырбек Жумабеков жана легендарлуу альпинист Эдуард Кубатов менен жолугушту.

Жолугушууда окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, жооп алышты.

Сабырбек Жумабеков – медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстандагы травматологдор жана ортопеддер ассоциациясынын президенти,  Бүткүл дүйнөлүк ортопеддер  ассоциациясынын президиумунун мүчөсү Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери.

Эдуард Кубатов - Кыргыз Республикасынын Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти. Ал “эл уулу, элдин сыймыгы”, Эверестти багынткан адам катары белгилүү.

Белгилей кетсек, жолугушуу жылуу маанайда өттү жана мектеп окуучуларынын эсинде көпкө сакталып калат.

08.02.2024