Борбор калаанын окуучулары Кыргыз Республикасынын маданият ишмери менен жолугушту

Биринчи май районундагы № 86 орто мектебинин окуучулары Кыргыз Республикасынын Эл артисти, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү диктор Гүлшан Молдоева менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Гүлшан Молдова өзүнүн балалыгы, жетишкен ийгиликтери, эфирдеги кызыктуу окуялары менен бөлүштү. Ошондой эле окуучуларга билимге умтулуп, ак ниет эмгектенүүнү каалады.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021жылдын 24-июлундагы "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу" Жарлыгын аткаруунун алкагында, ошондой эле жаш муундардын интеллектуалдык, адеп-ахлактык, маданий, чыгармачылык эстетикалык өнүгүүгө болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулду.

05.02.2024