Борбор калаадагы №22 бала бакчада “Этноsteam” долбоору ишке киргизилди

Ленин районунун №22 мектепке чейинки билим берүү уюмунун базасында Этноsteam долбоору ишке ашырылды.

Иш-чарага  мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Бишкек шаардык кеңешинин  Т.Темиркулов, Ленин районунун акиминин орун басары А.Жунусова, билим берүү департаментинин директору Р.Мусаева, Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын башчысынын Т.Темирканова катышты.

Белгилей кетсек, долбоорду киргизүүнүн максаты балдарды этномаданий тарбиялоо боюнча иш системасын түзүү, мектепке чейинки курактагы балдардын этномаданий компетенттүүлүгүнүн сапатынын жаңы деңгээлине жетишүү, ошондой эле этномаданий тарбия жана билим берүү чөйрөсүндө педагогдордун жана ата-энелердин компетенттүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.

05.02.2024