STEM4ALL x Mentoring Her долбоорунун катышуучулары менен жолугушуу өттү

№68 мектеп-гимназиясында педагогика илимдеринин доктору, профессор Ишенкул Садыковна Болжурова менен STEM4ALL x Mentoring Her долбоорунун катышуучуларынын жолугушуусу өттү.

"STEM4ALL x Mentoring Her" долбоору Япония өкмөтү тарабынан каржыланган Digital x Scale Accelerator программасынын бир бөлүгү.

Жолугушууда профессор Ишенкул Садыковна, профессор Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович, КМДСАнын илим боюнча проректору Нурмира Абдыбековна жана №68 мектеп гимназиясынын директору Чолпон Курманбековна өздөрүнүн чоң илимге болгон басып өткөн жолуна токтолуп, долбоордун катышуучуларына мотивациялык кеңештерин беришти.

23.01.2024