Борбор калаада мектеп окуучуларынын райондук олимпиадасы башталды

Бишкек шаарында мектеп окуучуларынын райондук олимпиадасы эки күн бою кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, алгебра, тарых, география, англис тили, физика, химия, биология предметтери боюнча өткөрүлөт.

Ленин районунда олимпиада №40 мектебинде өтүп, ага муниципалдык жана жеке менчик мектептерден 700дөн ашык бала катышууда. Ачылышка Ленин районунун акиминин орун басары А.Джунусова жана билим берүү башкармалыгынын башчысы Т. Темирканова катышты.

Октябрь району боюнча олимпиада № 62 орто мектебинде өтүп, ага 521 бала катышууда. Салтанаттуу ачылышка райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы  катышты.

Свердлов районунда олимпиада № 65 мектебинде өтүп, ага 729 бала катышып жатат. Предметтик олимпиаданын ачылышына билим берүү башкармалыгынын башчысы Н.О. Байгулов катышты.

Биринчи май району боюнча  олимпиада №6 мектепте  өтүп, 474 бала катышууда. Иш-чаранын ачылышына райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы С.К. Шербаева катышты.

Белгилей кетсек, райондук этаптын жеңүүчүлөрү олимпиаданын шаардык этабына катышат. Негизги милдеттер окуучулардын окуп жаткан предметтерге болгон кызыгуусун арттыруу, жогорку класстын окуучуларына кесип тандоодо жардам берүү, илимий чыгармачылыкка өзгөчө жөндөмдүү жана кызыккан окуучулардын чыгармачылык демилгелерин аныктоо жана өнүктүрүү болуп саналат.

18.01.2024