Борбор калаада "Кыш балдардын көзү менен" аттуу сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкек шаарындагы бала бакчалар арасында "Кыш балдардын көзү менен" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Сыйлык тапшыруу аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Р.И. Мусаева катышты.

Ошентип, биринчи орунга №100 МЧББУга компьютер, экинчи орунга  №94 МЧББУга түстүү принтер, ал эми үчүнчү орунга №113 МЧББУга ак-кара принтер тапшырылды.

15.01.2024