Октябрь районунун жалпы билим берүү уюмдарында Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленди

Октябрь районунун жалпы билим берүү уюмдарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленет.

Ч.Айтматов атындагы №63 мектеп-гимназиясы улуу жазуучунун 95 жылдык мааракесин район башчысы Жаныбек Орозалиевдин катышуусунда белгиледи. Мааракенин урматына окуучулардын жана мугалимдердин маалыматтык сабаттуулугун, изилдөөчүлүк көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн "21-кылымдын Борбору" медиа-борбору ачылды. Медиа борбордун алгачкы жыйынтыгы "Кызыл алма"журналынын чыгарылышы болду.

№ 71 жалпы билим берүү орто мектебинде район башчысынын орун басары Чынара Жаныкеева менен коомдук ишмер Роза Айтматова Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата жолугушту.

Жолугушууда жазуучунун эжеси  Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолун тандоого атасынын үлгүсү кандай таасир эткени   тууралуу айтып берди. Ошондой эле окуучулар Чыңгыз Айтматовдун балалыгына байланыштуу суроолорун беришти. Ага Роза Айтматова абдан таасирдүү жооп берди.

№82 мектепке чейинки билим берүү уюмунда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана "Манас"эпосунун күнүнө арналган иш-чара уюштурулду. Бала бакчанын жамааты балдар менен бирге жазуучунун чыгармаларынын үзүндүлөрүнөн театралдаштырылган оюн-зоок тартуулашты. Иш-чарага Кыргыз улуттук "Манас" театрынын дастанчысы Улукбек Токтоболот уулу катышты.

Мындай иш-чаралардын максаты элибиздин муундан муунга өтүп келе жаткан маданий, руханий баалуулуктарын сактоо болуп саналат.

13.12.2023