Бишкекте Айтматовдун мааракесине арналган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Борбордогу №68 гимназия мектебинде "Кыргыз тили жана Айтматов дүйнөсү" райондук сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Иш-чарага Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев, акимдин социалдык маселелер боюнча орун басары Айзада Жунусова, Бишкек шаардык билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева жана райондук билим берүү башкармалыгынын директору Таалайгүл Темирканова катышты.

2023-жылдын 17-октябрынан 15-ноябрына чейин атайын түзүлгөн калыстар тобунун курамын карап чыгуунун негизинде  "Кыргыз тили жана Айтматов дүйнөсү" кароо-сынактары болуп өттү, катышуучулардын жалпы саны: 22 мугалим, 162 мектеп окуучусу жана 9 райондун МЧБМ.

Ленин райондук билим берүү башкармалыгынан 1-2-3-орундарды ээлеген кароо-сынактын катышуучуларына төмөнкүдөй сыйлыктар тапшырылды: Принтерлер, телевизорлор, уюлдук телефондор жана кызыктыруучу сыйлыктар түрүндө К.Юдахиндин кыргызча-орусча сөздүктөрү, кыргыз тилинин 1-2 томдук түшүндүрмө сөздүгү жана С. Юнусалиев, г. Халматов жана Ж. Сооданбековдун окуу куралдары тапшырылды.

12.12.2023