Борбор калаадагы №63 мектеп Айтматовдун 95 жылдыгын белгилейт

Борбор калаадагы №63 мектеп-гимназия  улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесин белгилейт.

"Адам - дүйнө, адам - аалам" урааны астында иш-чара болуп өттү.

Мектепте "Чынгыз Айтматовдун маданий мурасы" программасы түзүлүп, Айтматовдун чыгармачылыгын жайылтуу боюнча чоң иштер жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле мааракенин урматына маалыматтык сабаттуулукту, окуучулардын жана мугалимдердин изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн өнүктүрүү үчүн "21-кылымдын борбору" медиа-борбору ачылды. Медиа борбордун алгачкы жыйынтыгы "Кызыл алма" журналынын чыгарылышы болду.

11.12.2023