Ч. Айтматовдун 95 жылдыгы: Октябрь районунда жыйынтыктоочу иш-чара өттү

Октябрь районунда №98 мектептин базасында (Алтын-Ордо конушу) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына жана Кыргызстандын эл жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган жыйынтыктоочу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Октябрь акимиатынын, департаменттин жана райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги катышты.

Конокторго кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча өткөн үч айлык тууралуу видеоролик көрсөтүлүп, андан соң окуучулар "Кылым карытар бир күн", "Эрте келген турналар", "Биринчи мугалим", "Саманчынын жолу" чыгармаларынан башкы каармандардын образдарын жаратышты.

Мындай жыйынтыктоочу иш-чаралар райондун башка мектептеринде да өткөрүлөт.

11.12.2023