Борбор калаада Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча КВН-шайырлар оюну өттү

Бишкектеги №98 мектепте “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аттуу үч айлыктын алкагында жана көрүнүктүү жазуучунун 95 жылдыгына карата Айтматовдун чыгармалары боюнча окуучулар арасында “Шайырлар жана тапкычтар клубу” сынагы өттү.

Сынактын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр байгелүү орундарга ээ болушту:

1-орун – №51 орто мектеп-гимназиясы;
2-орун – №78 мектеп-гимназиясы;
3-орунду №54 орто мектеп менен №98 орто мектеп бөлүштү.

Белгилей кетсек, иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаменти уюштурду.

Борбор калаанын мэриясынын Билим берүү департаменти жеңүүчүлөрдү куттуктап, мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалайт.

07.12.2023