“Манас” эпосунун күнүнө жана Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чара

Борбор калаадагы №13 мектепте “Манас” эпосунун күнүнө жана Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чара  өттү.

Иш-чарага коомдук ишмер, жазуучунун карындашы Роза Айтматова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дарика Жалгасынова, актерлор Нургазы Сыдыгалиев, Насреддин Дубашев, ошондой эле Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын директору Темирканова Т.Э. жана билим берүү департаментинин адистери Бактыгулова Ч.А., Бакирова П.Д катышты.

Майрамдык салтанат кыргыз, орус жана англис тилдеринде өттү. Мектеп окуучулары Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча видеороликтерди, сюжеттерди даярдашты, ошондой эле келген конокторго “Манас жана Чынгыз” сүрөт көргөзмөсү тартууланды.

Жазуучунун эжеси Чыңгыз Айтматов тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүшүп, окуучулардын суроолоруна жооп берди.

06.12.2023