СПИДсиз жана баңгисиз жашоо!

Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарында 27-ноябрдан 8-декабрга чейин Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнө арналган “СПИДсиз жана баңгизатсыз жашоо!” он күндүгү өтүүдө.

Декадада мектептерде төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлөт:
— стенддер жана ден соолук бурчтары жасалгаланып, жогорку класстын окуучулары тематикалык дубал газеталарды даярдап жатышат;
- Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатит жана ВИЧти көзөмөлдөө борборунун дарыгерлери борбордогу мектептердин директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарларына жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын медицина кызматкерлерине семинар өткөрүшөт;
- мектептердин медициналык кызматкерлеринин жана ҮМБнын дарыгерлеринин катышуусунда жогорку класстын окуучулары менен ВИЧ жана СПИДдин алдын алуу боюнча сабактар жана маектер өткөрүлөт;
- мектеп окуучулары тематикалык видеороликтерди даярдашты.

Уюштуруучулар - Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаменти жана шаардык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатит жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусуна каршы күрөшүү борбору.

06.12.2023