Борбор калаанын мектеп окуучулары шахмат боюнча чемпиондор менен жолугушту

Борбор калаадагы №101 жана №81 мектептердин окуучулары шахмат боюнча балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Съездбек Таштекеев жана анын балдары, шахмат боюнча чемпиондор менен жолугушту.

Спортчулар шахмат боюнча мастер-класс көрсөтүштү, окуучулар алар менен баарлашып, жетишкендиктери жана ийгиликтери менен шыктанышты.

Мастер-класстан кийин дароо балдар чемпиондорго өздөрүн кызыктырган суроолорун  бере алышты. Келген коноктор спортко кантип келип калганын айтып, жаш муундарга кеп-кеңештерин айтышты.

06.12.2023