“Аалам алпы – Айтматов жана Эне тил” сынагынын жеңүүчүлөрү Ысык-Көлдө эс алышты

Мамлекеттик тилдин үч айлыгы жана Эл жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгынын алкагында өткөрүлгөн “Аалам алпы – Айтматов жана эне тил” сынагынын жеңүүчүлөрү Ысык-Көл жээгинде эс алышты.

Эскерте кетсек, мелдеш Ленин районунун №77 жана №84 мектептеринин ортосунда өткөрүлүп, жеңүүчүлөр Ысык-Көлгө жолдомо алышкан.

Катышуучулар эс алышып, ошол эле учурда көптөгөн позитивдүү эмоцияларга, күч-кубатка жана жакшы маанайга ээ болушту.

04.12.2023