Борбор калаада мугалимдер арасында дил баян сынагы өттү

Бишкекте “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аттуу үч айлыктын алкагында Карасаев атындагы БМУда “Адамзаттын мугалими Айтматов-Дүйшөн жана мен” аттуу дил баяндар сынагы өттү.

Жыйынтыгында 1-орунду №82 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Раида Өзүбекова ээлесе, 2-орунду №69 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Муса Мамбеталиев менен  №68 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мамбетосмон кызы Алида бөлүштү, 3-орунду №17 жана №89 мектептеринин   кыргыз тили жана адабияты мугалимдери  Токтогүл  Дооронбекова жана Нуржан кызы Алиналар багындырышты.

Белгилей кетсек, сынакка 39 мугалим катышкан. Иш-чараны  КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын адиси Айнура Сооронбаева жетектеди.

14.11.2023