Мектеп окуучулары спортчулар менен жолугушту

№40 мектептин окуучулары спортчулар Сабит Шамшединов, Ырыскелди Максатбек уулу жана  Ырыскелди  Хамзаев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуучулар чемпиондорго спорттогу ийгиликтери жана жетишкендиктери боюнча суроолорду узатышып, кызыктуу баарлашуу болду.  Андан соң спортчулар спорт сүйүүчүлөргө өздөрүнүн ыкмалары менен бөлүшүп, жаштарга спорттун артыкчылыгын айтып, мотивация берди.

Иш-чара балдарды сергек жашоого, патриоттуулукка үндөө, физикалык сапаттарын өнүктүрүү, спортко болгон кызыгуусун жана сүйүүсүн арттыруу максатында уюштурулган.

Белгилей кетсек, аталган иш-чарага Билим берүү департаментинин, Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин, Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын директорлору, ошондой эле мугалимдер жана ата-энелер катышты.

 

10.11.2023