Бишкек шаарында "Каармандар сүйлөйт" атту кароо-сынактын шаардык этабы өттү

“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө Мыйзамынын” кабыл  алынгандыгынын 34 жылдыгына жана Ч.Айтматовдун 95-жылдыгына карата “Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында  Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча “Каармандар сүйлөйт” кароо-сынагынын шаардык этабы 2023-жылдын 30-октябрында   өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин адистери, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук Университетинин Кыргыз филология факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын мугалимдери, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институнунун адистери катышты.

Кароо-сынакка 10 мектеп катышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр Ардак граммота менен сыйланышты:

2 – орун - №69 окуу тарбиялык комплекси  жана №100 мектеби;
3 – орун  – №80 жалпы билим берүү мектеби.

Белгилей кетсек, кароо-сынактын калыстар тобунун төрагасы КРнын эмгек синирген артисти,театр ишмери,театр жана кино актёру Сманбеков Темирлан Камашович болду.

01.11.2023