Свердлов районунда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын сахналаштыруу боюнча сынак өттү

«Мамлекеттик тил жана Ч.Айтматов ааламы» аттуу мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында Свердлов районунун №65 экологиялык-экономикалык лицейинде «Каармандан сүйлөйт» кароо-сынагы өткөрүлүп, ага Свердлов районундагы 19 мектеп катышты.

Иш-чарага Свердлов райондук муниципалдык администрациясынын башчысынын орун басары Асель Садыкова, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча адис Гульчехра Мадумарова, Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Клара Райымбекова жана Свердлов райондук билим берүү борборунун директору Нурлан Байгулов катышты.

Жыйынтыгында төмөнкү жеңүүчүлөр Ардак грамоталар менен сыйланышты:

- 1-орунду №21 жана 38-мектептердин командалары ээлешип, шахматты байге катары алышты.
- 2-орунга №33, 65 жана 66 мектептердин командалары ээ болушту.
- 3-орунга №51, 45 жана 94 мектептердин командалары ээ болушту.

Ошондой эле «Каармандан сүйлөйт» сынагына катышып, андагы ролду мыкты аткаргандыгы үчүн 6 окуучуга шахмат берилди.

Мындан тышкары, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана «Манас» үчилтигин жайылтууга зор салым кошкон кыргыз тили жана адабияты мугалимдерине ардак грамоталар жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.

30.10.2023