В Бишкек шаарында башталгыч класстардын мугалимдери үчүн семинар өттү

Бишкек шаарынын Билим берүү департаменти тарабынан  2023-жылдын 24-октябрь күнү Ленин районуна караштуу №42 орто мектебинде башталгыч класстары боюнча  «1-класста билим берүүнү уюштуруу» деген темада семинар уюштурулду. Семинарга ББДнын башталгыч класстары боюнча адиси Мурсаева А.К. семинардын максаттары менен тааныштырды. Төрт райондун мектептеринен-47 жаш мугалим катышышты.

        Семинарда мугалимдер сабактарды өтүп, 1-класста билим берүүнүдө жана баалоонун жаңы ыкмаларын бөлүшүп, жаш мугалимдерге  жардам көрсөтө алышты. Мугалимдер активдүү катышып, өзүлөрүнүн ойлорун айтып бүгүнкү сабакта, сабак өтүүнүн көп жаңы ыкмаларын үйрөнүшкөнүн билдиришти. Мугалимдерге презентациялар электрондук вариантта таркатылды.

26.10.2023