Тазалык сенден башталат

Бишкек шаарындагы №9 мектеп-гимназиясында Ленин районундагы мектептердин лидерлери менен «Тазалык сенден башталат» деген темада жолугушуу уюштурулду.

Жоолугушууга «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиев, Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын директору Таалайгүл Темирканова жана «Тазар, Мекеним» коомдук фондунун өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда окуучуларга таштандыларды туура бөлүштүрүү боюнча маалымат берилип, Кыргызстанда кайра иштетилүүчү материалдарды таратуу боюнча да көрсөтмөлөр берилди.

24.10.2023