Билим берүү системасында заманбап технологияларды колдонуу

Бишкек шаарындагы №96 орто мектепте борбор калаанын мэриясынын билим берүү департаментинин башкы адиси Айнура Мурсаева башталгыч класстардын директорлорунун орун басарларына “Башталгыч класстарда акыркы технологиялар аркылуу билим берүү” деген темада семинар өткөрдү.

Бул иш-чарага шаар мектептеринин 104 завучу катышып, бардык катышуучулар QR код аркылуу катталды.

Белгилей кетсек, семинар заманбап технологияларды колдонуу, QR коддорду колдонуу жана Google тестинен өтүү менен өткөрүлдү.

Өз кезегинде семинардын катышуучулары flippity.net платформасы аркылуу топторго бөлүнүп, алар интерактивдүү табышмактарды чогултуп, геймификация механизмдерин колдонушту.

24.10.2023