«PISA эл аралык изилдөөсүнүн алкагында окуучулардын функционалдык сабаттуулугун өнүктүрүү»

Бишкек шаарындагы №70 окуу-тарбия комплек мектеп-гимназиясында жаш математика, физика жана информатика мугалимдери үчүн “Эл аралык PISA изилдөөнүн алкагында окуучулардын функционалдык сабаттуулугун өнүктүрүү” -деген темада усулдук семинар болуп өттү.

Семинарга шаардык мектептердин жаш мугалимдери, усулдук кеңештин мүчөлөрү, Кыргыз Билим берүү Академиясынын табият таануу жана математикалык билим берүү лабораториясынын илимий кызматкери А.М.Камчиева,  Борбордук Азиядагы Америка Университетинин  профессору,  экономика илимдеринин доктору С.К. Кыдаралиев, физика-математика илимдеринин кандидаты, «Манас» КТУнун профессору А.Б.Урдалетова, Бишкек шаарынын билим берүү департаментинин жетектөөчү адиси У.Тешебаевалар катышты.

Семинарда №70 ОТК МГнын жаш математика мугалими К.Ж.Садыбакасова «Практикага багытталган маселелерди чечүү» боюнча өзүнүн долбоорун көрсөттү.

Семинарга катышкан бардык мугалимдер С.К. Кыдыралиев, А.Б.Урдалетованын «Финансылык сабаттуулук жана инвест эсептер» деген китебин  мугалимдер белекке алышты. Ага жалпысынан 50дөн ашык жаш мугалимдер катышты.

Окуу-методикалык семинардын максаты: жаш мугалимдердин кесиптик компетенцияларын жогорулатуу, мугалимдерди PISAга багытталган тапшырмалар жана аларды чечүү ыкмалары менен тааныштыруу.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаменти тарабынан уюштурулган.

24.10.2023