Борбор калаада бала бакчалардын тарбиячылары үчүн семинар өттү

Бишкек шаарындагы Октябрь районунун №44 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде бала бакчанын тарбиячылары үчүн «Мектепке чейинки балдардын дидактикалык оюндар аркылуу сенсордук өнүгүүсү» деген темада семинар  өттү.

Семинарга 76 мугалим катышты. Алар сенсордук стандарттар, балдардын түстү, форманы, предметтердин өлчөмүн, мейкиндиктеги позицияларды кабыл алуунун сенсордук өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү дидактикалык оюндар менен тааныштырылды.

Бул окуу иш-чарасы мугалимдердин кесиптик өсүүсүн, компетенттүүлүгүн, мектепке чейинки балдардын сенсордук өнүгүү маселелери боюнча билимин жана көндүмдөрүн жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

24.10.2023