Бишкекте “Кыргыз тилин сүйөмүн” жана “Дилгир” сынактары өттү

“Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аттуу үч айлыктын алкагында №69 мектепте борбор калаанын мэриясынын билим берүү департаменти тарабынан “Кыргыз тилин сүйөмүн” аттуу көркөм окуу сынагы өтүп, ага 12 окуучу катышты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча 1-орунду №31 мектептин окуучусу Азиза Плотникова, 2-орунду №27 мектептин окуучусу Жасмин Иноятова жана №64 мектептин окуучусу Фархад Бактияров, 3- орунду №61 мектептин окуучусу Александра Горынина менен №2 мектептин окуучусу Александра Фан ээлешти.

Белгилей кетсек, комиссиянын чечими менен Оксана Меденцева менен Латифа Абдулкадыровага ыраазычылык билдирилди.

Ошондой эле мугалимдер арасында «Дилгир» кароо-сынагынын шаардык этабы өткөрүлдү. Биринчи орунду №11 мектептин мугалими Калил кызы Ыкыбал, экинчи орунду №69 мектептин мугалими Жаныбек кызы Гүлгаакы, үчүнчү орунду №49 мектептин мугалими Осмоналиева Жаркынгүл, №89 мектептин мугалими Мамбеткулова Динара жана №2 мектептин мугалими Токтожумаев Бактияр багындырды.

Бул иш-чаралардын максаты – мамлекеттик тилди өнүктүрүү, макамын көтөрүү жана улуттук баалуулуктарды, маданиятты, каада-салттарды жайылтуу болуп саналат.

Комиссиянын курамын  Осмоналиев Темирбек – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын жетектөөчү адиси, Бекбоева Айдай Абылбековна – КАОнун улук илимий кызматкери, Түндүк Америка жана Казакстан Жазуучулар союзунун мүчөсү, Усупбай   уулу Кенжегул — №69 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими түздү.

24.10.2023