Октябрь районундагы жалпы билим берүү уюмдарында "Сергек жашоо мүнөзү боюнча мыкты класстык саат" райондук кароо-сынагы болуп өттү

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин 2023-жылдын 15-сентябрындагы #258 буйругунун негизинде Октябрь районундагы жалпы билим берүү уюмдарында "Сергек жашоо мүнөзү боюнча мыкты класстык саат" райондук кароо-сынагы болуп өттү. Сынакта окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен "Кантип максат коюп жана ийгиликке жетүүгө болот", "Интернетте коркутуу. Кантип алдын алуу керек жана андан кантип коргонуу керек", "Өспүрүм курак", "Зомбулук жана чагымчылдык" ж.б. темалар боюнча класстык сааттар өтүлдү. Жыйынтыгында, №91 мектеп-гимназиянын мугалими Тургунбек кызы Жибек 1-орунга, №71 мектеп-интернатынын мугалими Насипова Кайыргул 2-орунга ээ болушту.
Кароо-сынактын шаардык этабына районун атынан #91 мектеп катышат, ийгилик каалайбыз.

19.10.2023