Ленин районундагы жалпы билим берүү уюмдарында "Сергек жашоо мүнөзү боюнча мыкты класстык саат" райондук кароо-сынагы болуп өттү

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин 2023-жылдын   15-сентябрындагы #258 буйругунун негизинде Ленин районундагы жалпы билим берүү уюмдарында "Сергек жашоо мүнөзү боюнча мыкты класстык саат" райондук кароо-сынагы болуп өттү. Сынакта окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен "ВИЧ/СПИД жөнүндө эмнелерди билиш керек ", "Үй-бүлө, эрте никеге туруу, ала качуу", "Интернеттеги чагымчылык", "Өспүрүм курак", "Үй-бүлөнү пландаштыруу" ж.б. темалар боюнча класстык сааттар өтүлдү. Жыйынтыгында, #42 орто мектептин мугалими Асанбай кызы Нуржамал 1-орунга, # 59 мектептин мугалими Кустрич Татьяна Анатольевна 2-орунга, #80 орто мектептин мугалими Абубакирова Жанара Абубакировна 3-орунга ээ болушту.

Кароо-сынактын шаардык этабына районун атынан #42 мектептин мугалими Асанбай кызы Нуржамал окуучулары менен катышат. Ийгилик каалайбыз!

19.10.2023