Биринчи май районунун жалпы билим берүү уюмдарында Сергек жашоо мүнөзү боюнча “Эң мыкты классстык саат” райондук сынагы болуп өттү.

Биринчи май районунун жалпы билим берүү уюмдарында Сергек жашоо мүнөзү боюнча “Эң мыкты классстык саат” райондук сынагы болуп өттү. Сынакка жалпысынан 5 жалпы билим берүү уюмунан 6 мугалим катышты. (83-2, 78-1, 19-1, 86-1, 6-1)
Сынактын максаты – мугалимдерди сергек жашоо образы боюнча сабактарды өткөрүүгө шыктандыруу жана мотивациялоо, ден соолукту сактоо жана чыңдоо,таланттуу жана чыгармачыл класс жетекчилерге колдоо көрсөтүү болуп эсептелет.
Класстык сааттарда видеосабактар колдонулуп, төмөнкүдөй темаларда класстык сааттар өтүлдү:
6-класстар үчүн: Өзгөрүү курагы же болбосо мен өсүп жатам (Возраст перемен, я расту)
7-класстар үчүн: Өспүрүм курак, Зордук-зомбулуктан кантип коргонуу керек, Киберкуугунтук (Подростковый возраст, Как защитить себя от насилия, Травля в интернете)
8-класстар үчүн: Сүйүү жана мамиле куруу, Вич инфекциясын алдын алуу (Любовь и отношения, как это бывает, Профилактика Вич спида)
9-класстар үчүн: Үй бүлө жана нике, Бакыт эмнени алып келет, Үй бүлөнү пландоо (Семья и брак, Планирование семьи)
10-класстар үчүн: ВИЧ СПИД оорусун алдын алуу (Вич, СПИД и общество)
11-класстар үчүн : Кантип туура чечим кабыл алуу керек? Бакыт деген эмне? ( Как принимать решения, Как ставить цели и добиваться успеха)
Сынактын жыйынтыгы менен 1-орунду №78 мектеп гимназиясынын мугалими Кабаева Нургиза Баиспековна, 2-орунду №86 орто мектебинин мугалими Молдобаева Ырыскүл Калыковна, 3-орунду №6 автордук окуу-тарбия комплекс мектеп гимназиясынын мугалими Абылаева Анархан Таалайбековна ээледи.
Райондун атынан шаардык сынакка 1-орунду ээлеген №78 мектеп гимназиясынын мугалими Кабаева Нургиза Баиспековна, 2-орунду ээлеген №86 орто мектебинин мугалими Молдобаева Ырыскүл Калыковна катышат. Ийгилик каалайбыз!

19.10.2023