Жугуштуу ооруларды алдын алуу

Калкты милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камтууну жогорулатуу максатында Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаменти медицина кызматкерлери менен биргеликте ата-энелер жана мугалимдер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Иш учурунда медицина кызматкерлери кызамык, кызылча, гепатит ооруларын  алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча маалымат беришет.

Өз кезегинде мектептерде жана бала бакчаларда директордун орун басарлары, мугалимдер жана медицина кызматкерлеринин катышуусунда ата-энелер менен семинарлар өткөрүлүүдө.

19.10.2023