Баңгизатка жол "ЖОК"!

«Таберик» театрынын залында сергек жашоого үндөө, баңги жана психоактивдүү заттарды колдонуунун алдын алуунун алкагында «Баңгизатка жол жок деп айт» иш-чарасы өткөрүлдү.

Акцияны Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык наркология борбору менен биргеликте уюштурган.

Иш-чарага борбор калаадагы мектептердин директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары, ата-энелер комитетинин өкүлдөрү катышты. Анда жашы жете электердин арасында    баңгичиликти жоюу жана алдын алуу  маселелери талкууланды.

 

19.10.2023