Балдар үчүн үлгү болгон тазалык кызматкери

№84 мектептин окуучулары Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан ак ниет эмгеги үчүн сыйланган «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкери Напа Раимжанова менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө балдар "Бүчүр" эко активистердин иши тууралуу видеороликтерин көрсөтүштү, андан соң ар бири өз суроолорун берип, жооп ала алышты.

Белгилей кетсек, жыйынга «Тазалык» МИ директору Рамиз Алиев жана Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Таалайгуль Темирканова катышты

09.10.2023