Бишкекте мугалимдер күнү белгиленди

Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара мэрдин орун басары Виктория Мозгачеванын жана Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимовдун катышуусунда өттү.

Программанын алкагында «Жүрөгүмдү балдарга берем-2023» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

«Мыкты мугалим» номинациясында биринчи орунду №21 жалпы билим берүү мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Шахсанам Раманкулова, экинчи орунду №88 жалпы билим берүү мектебинин биология мугалими Казакова Назгүл Өмүрзаковна, үчүнчү орунду № 20 мектеп-гимназиянын окуу-тарбия комплексинин кыргыз тил мугалими Жаңыбай кызы Айсулуу ээледи.

«Мыкты жаш мугалим» номинациясында биринчи орун үчүн №9 мектеп-гимназиянын окуу-тарбия комплексинин кыргыз тили мугалими Нуруйбек кызы Кулпунат, экинчи орун №38 мектеп-гимназиянын окуу-тарбия комплексинин физика мугалими Ыктыбекова Назик Ыктыбековна, үчүнчү орунду №95 мектеп-гимназиянын окуу-тарбия комплексинин башталгыч класстарынын мугалими Данияр кызы Тансулу жана №86 жалпы билим берүү мектебинин тарых мугалими Осмонова Бегимжан Апышевна сыйланды.

«Эң сонун сонун» номинациясында алдыңкы орунга №54 жалпы билим берүү мектебинин орто класс мугалими Казиева Динара Артисбековна, экинчи орунду №82 орто мектептин жогорку класстын мугалими Акылбек уулу Ислам жана №66 окуу-тарбия комплексинин мугалими Тургуналиева Гулзат Муканбетовна бөлүштү. №91 мектеп-гимназиясынын башталгыч класстарынын класс жетекчиси Орозбек кызы Жамила үчүнчү орунду ээлегендиги үчүн сыйланды.

«Мыкты тарбиячы» номинациясында биринчи орун үчүн №11балдар бакчасынын тарбиячысы Мамбетсултанова Таттыбүбү Жумабековна, экинчи орунга №100 балдар бакчасынын тарбиячысы Пак Евгения Герасимовна, үчүнчү орун үчүн №43 балдар бакчасынын тарбиячысы Бейшенбаева Алмаш Шералиевна сыйланды.

Сынактын жыйынтыгында билим берүү уюмдары төмөнкү номинациялар боюнча сыйланышты:
«Мыкты статустуу мектеп» - №69 ОТК ШГ;
«Мыкты билим берүү мектеби» - №96 орто мектеп;
«Мыкты мектепке чейинки билим берүү уюму» - №22 мектепке чейинки билим берүү мекемеси жана №93 мектепке чейинки билим берүү мекемеси.

Борбор калаанын мэриясы жалпы мугалимдерди майрамы менен куттуктайт. Сиздерге чың ден соолук жана бакубатчылык, чыгармачылык ийгиликтерди, ошондой эле окуучуларыңыздын таанылышын каалайт!

04.10.2023