Борбор калаада шаардын тазалыгын сактоо боюнча сабактар ​​өтүүдө

Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Таалайгүл Темирканова менен «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиев №42 мектепке барышты.

«Тазалык менден башталат!» деген темада окуучулар үчүн ачык сабак өтүлдү.  Сабактын жүрүшүндө тазалык темасында кызыктуу маалыматтар айтылды. Окуучулардын көптөгөн кызыктуу суроолоруна, өзгөчө “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин иши жана таштандыларды кайра иштетүү боюнча суроолоруна жооп берилди.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө таштандыларды чыгарууда эрежелердин жана мөөнөттөрдүн сакталышын көзөмөлдөө, орнотулган таштанды челектеринин тазалыгын сактоо  максатында  мектептин аймагы текшерилди.

Айта кетсек, мындай иш-чаралар өсүп келе жаткан муундардын сүйүктүү шаарына болгон камкор мамилесин, анын тазалыгын сактоо максатында уюштурулууда.

03.10.2023