Бишкек менен Кытай мектеби ортосунда меморандум түзүлдү

Борбор калаада №70 мектеп-гимназиясынын (УВК ШГ) окуу комплекси менен Кытай Эл Республикасынын Циндао шаарынын батыш жээгинде орун алган Синьхайванлу башталгыч мектебинин ортосунда интернационалдык достук жана кызматташтык мектебин түзүү боюнча меморандумга кол коюунун онлайн аземи болуп өттү. 

Онлайн трансляцияга борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева, билим берүү жана мектептердин бөлүм жана райондук бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Кытай Эл Республикасынын билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.

Келишимге мектеп директорлору Чолпон Жунушева жана Синьхайванлу мектебинин жетекчиси Чжан Ян кол коюшту.

Макулдашуунун максаты жаш муундарга билим берүү жана тарбиялоо боюнча билим берүү долбоорлорун жана программаларын ишке ашырууда кызматташуу, ошондой эле маданият тармагындагы кызматташуу, билим берүү жаатында тажрыйба алмашуу, тилдик байланышты өркүндөтүү жана өнүктүрүү, ошондой эле руханий-адептик тарбиялоо жана өнөктөштүк мамилелерди түзүү, ошондой эле узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүү болуп саналат.

Ошондой эле, мындай кызматташуу маалыматтык илимий-билим берүү чөйрөсүн жана өнөктөштүктү калыптандыруу боюнча жаңы идеяларды биргелешип иштеп чыгууда, Бишкек жана Циндао мектептеринин ортосундагы кызматташтыктын натыйжалуу формаларын иштеп чыгуу жана ишке ашырууда башаты болуп саналат.

03.10.2023