Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында мамлекеттик тил адистеринин республикалык семинар өтүлдү

 

 

Бишкек шаарынын мэриясы  Билим берүү башкармалыгы тарабынан 2021-жылдын  26-февралында 10.00 дө “Мектепке чейинки билим  берүү  уюмдарында иш кагаздарын  мамлекеттик тилде жүргүзүүнү жакшыртуунун жолдору” аттуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарында мамлекеттик тил

адистеринин  республикалык онлайн семинары өткөрүлдү.

         Семинарга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Г.Ибраимова, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Чүй областтарынын Билим берүү борборлорунун адистери, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мугалимдери жана Бишкек шаарынын райондорунун мамлекеттик тил боюнча адистери катышышты.

         Семинарда төмөндөгү докладдар угулду:

1.     “Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн абалы” Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Ж.Сапалова

2.     “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн укуктук-ченемдик талаптары” Ленин районунун мамлекеттик тил боюнча адиси Иманкулова Калбүбү Джакубалиевна

3.     “Мамлекеттик тилде иш жүргүзүү – бүгүнкү күндүн талабы” №51 Мектепке чейинки билим берүүуюмунун директору Бакиева Нуржамал Абдуманаповна

4.     “Кыргыз тилинде сабаттуу болууга үйрөтүү - кыргыз тили мугалимдеринин башкы максаты” №72 МЧББУнун кыргыз тили мугалими Мырзалиева Анара Аманбековна

Семинардын аягында катышуучулар мектепке чейинки билим берүууюмдарында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Бишкек шаарында алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгилешти.

26.02.2021