Борбор калаада мектепке кошумча корпус ачылды

Борбор калаада №18 мектебине кошумча корпустун салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Мамкурулуштун директорунун орун басары Иманакун уулу Талант, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, Бишкек шаарынын мэринин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу Максатбек Сазыкулов, Биринчи май районунун башчысынын орун басары Чынгыз Байсов, тургундар жана окуучулар катышты.

Коноктор мугалимдерди, ата-энелерди жана окуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы жана жаңы корпустун ачылышы менен куттукташты.

Катышуучулар үчүн чакан концерттик программа уюштурулуп, салт боюнча биринчи коңгуроо кагылды.

Андан кийин окуу класстары, кабинеттери боюнча экскурсия болду.

Белгилей кетсек, курулуш иштери 2019-жылы башталган, эки кабаттуу имарат 910 чарчы метр аянтты ээлеп, 225 орунга ылайыкталган. Каражат коррупцияга каршы күрөшүү боюнча депозиттик эсептен бөлүнүп, Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын конкурсуна ылайык «Дастан Group» подряддык компаниясы тарабынан тургузулган.

11.09.2023