Англис тили мугалимдери квалификациясын жогорулатууда

Борбор калаада шаардагы англис тили мугалимдери үчүн “Окуучулардын англис тили сабагындагы мотивациясын жогорулатуу” аттуу семинар болуп өттү.

No64 англис тилдүү мектеп-гимназиясынын педагогикалык жамааты башка мектептердеги кесиптештерине чет тилин окутуунун жаңы ыкмаларын айтып, тажрыйбалары менен бөлүшүп, практикалык сабактарды өткөрүштү.

Талкуу жана талдоо учурунда көптөгөн мугалимдер көрсөтүлгөн ыкмалар жана ресурстар алар үчүн таптакыр жаңы жана кызыктуу экенин моюнга алышты.

Белгилей кетсек, окуунун уюштуруучусу борбор калаанын мэриясынын билим берүү башкармалыгы.

28.03.2022