Борбор калаадагы мектеп окуучулары "Кыздар илимде" долбооруна катышууну улантууда

2022-жылдын 22-мартынан 25-мартына чейин Ысык-Көлдүн жээгинде "Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фонду, Балдарды коргоо борбору жана БААУнун  Инновациялык колледжи  тарабынан уюштурулган ЮНИСЕФ долбоорунун экинчи этабы өтүүдө.
Бул долбоордун негизги максаты туруктуу өнүгүүнүн 5 максатына, ошондой эле Кыргызстанды 2021-жылдан 2040-жылдарга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясына жетишүүгө салым кошуу. Долбоор Бишкек, Ош жана Кара-Суу шаарларындагы 81 билим берүү мектебин камтыйт.

Белгилей кетсек, аталган иш-чарага 51 пилоттук мектеп, 33 директор, ошондой эле Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү катышууда.

28.03.2022