Дүйшөмбүдөн тарта 13 мектеп оффлайн режимине кайтып келет

Учурда балдардын жана мугалимдердин коопсуздугу үчүн 23 мектеп убактылуу онлайн окутууга өттү.

Кошумчалай кетсек, No135, 148, 61 бала бакчалар Бишкек шаарынын борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын көрсөтмөсү менен иштебейт.

Белгилей кетсек, кийинки аптада 13 мектеп оффлайн режимине кайтып келет, алардын арасында: №17, 26, 88, 62, 6, 18, 4, 11, 12, 30, 32, 33 жана 38.

Урматтуу жарандар! Сизди жана сиздин жакындарыңызды коргоо үчүн болгону 4 (!) пункт бар: беткап кийүү, колду антисептик менен дарылоо, аралыкты сактоо, жакшы, эң эффективдүүсү эмдөө. Ден соолугуңузду сактагыңыз келсе, вакцина алыңыз.

28.01.2022